• 88.68
  • 95
  • 0.95

Асел Чынбаева: Балдарды тарбиялоого мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүү зарыл

Коом 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Балдарды тарбиялоого мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүү зарыл деп ойлойм. Бул тууралуу Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чарада Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева билдирди.

Анын айтымында, «азыр 90-жылдардын балдары чоңоюп, азыркы балдар маалымат доорунун балдары болуп калганынын туу чокусуна жеткендей кырдаал түзүлдү».

“Учурда ата-энелер, мугалимдер жана балдардын ортосунда түшүнбөстүк бар, анткени биздин азыркы муун бизден алда канча алдыда, алда канча эптүү, акылдуураак.

"Биз бүгүнкү күндө иштеп жаткан методологияны, системаны оңдоо тийиш экендигин моюнга алышыбыз керек. Биз, мугалимдер корпусу, жалпы эле чоңдор, ата-энелер да бирге болушубуз керек. Азыркы балдар менен башкача иштешүү керек. Балдарды тарбиялоого мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүү керек деп ойлойм. Ошондой эле ата-эне балага көбүрөөк көңүл буруусу зарыл, баланын тарбиясы үй-бүлөдөн көз каранды. Бакубат үй-бүлө - бакубат баланын жана анын физикалык жана психологиялык ден соолугунун ачкычы”, – деди ал.

Чынбаева инвентаризациянын алкагында мыйзам долбоорлору, анын ичинде «Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип жатканын белгиледи. «Учурда бул мыйзам долбоору боюнча комиссия түзүлдү, анын курамына министрлер кабинетинин, мамлекеттик органдардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирди. Документ азыр талкууда, жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү болот», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий