• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кант шаарында майыптыгы бар балдар үчүн спорт комплекси курулат

Спорт 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Кант шаарында майыптыгы бар балдар үчүн 1,5 млн долларга спорт комплекси курулат. Бул тууралуу Кант шаарындагы спорт мектебинин директору Алмазбек Абиров билдирди.

Анын айтымында, спорт комплекси 2 гектарга жакын жерге курулат жана майыптыгы бар балдар үчүн бардык шарттар түзүлмөкчү.

“Имараттын курулушун Азия паралимпиадалык комитети каржылайт жана курулушка 1,5 млн доллар керектелет. Учурда документ иштери бүтүп калды. Майыптыгы бар балдардын машыгуусу үчүн шаймандар чет өлкөдөн алып келинет", - деди ал.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда жалпысынан 70ке жакын спорт мектеби болсо, анын экөөсүндө гана майыптыгы бар балдар машыга алышат.

Пикир

Оставить комментарий