• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте онкологияга чалдыккан балдар жараткан сүрөттөрдүн кайрымдуулук көргөзмөсү өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде “Дүйнө балдардын алаканында” аттуу сүрөттөрдүн кайрымдуулук көргөзмөсү өтүүдө.

Көргөзмө 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өткөрүлүүдө.

Help the children — SKD коомдук кайрымдуулук фондунун директору Елена Конева аталган долбоордун үстүнөн акыркы жети жылдан бери иштеп келгенин айтат.

“Ар бир жаран көргөзмө аяктагандан кийин бул жердеги сүрөттөрдү сатып алып, кайрымдуулук ишке катышса болот. Түшкөн каражаттар Мейсанованын үй-бүлөсүнө жумшалат. Асия жана Амира аттуу кичинекей кыздардын жилик чучугун алмаштыруу керек. Кыздарга 220 миң доллар керек, өздөрү 72 миңин чогултушту. Биздин фонд аларга 10 миң доллардын тегерегинде каражат топтоп, жардам берүүнү чечти. Биз кыздардын дени сак жашоосуна көмөктөшө алабыз. Баарыңыздарды кайрымдуулук ишке катышууга0 чакырам”, - дейт ал.

Конева көргөзмөгө онкология жана гематологиялык оорулар менен жапа чеккен балдардын 50 эмгеги коюлганын кошумчалап кетти.

Белгилей кетсек, кайрымдуулук көргөзмөсү 1-3-июнь күндөрү саат 11:30дан 18:30га чейин уланат, каалоочулар үчүн эшик ачык.

Пикир

Оставить комментарий