• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров өлкөнүн таланттуу мектеп окуучулары менен жолугушту

Президент 0

Бишкеук, 01.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарынан келген таланттуу мектеп окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга окууда, чыгармачылыкта, спортто өзгөчөлөнгөн жана түрдүү предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен балдар катышты.

Баарлашуунун жүрүшүндө алар мамлекет башчысына жеке жетишкендиктери тууралуу айтып беришип, ошондой эле аларды кызыктырган суроолорду беришти.

Негизинен, балдарды мамлекет башчысы шахмат ойнойбу, ийгиликке жетүү үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек деген суроолор кызыктырды.

Ошондой эле, мектеп окуучуларынын бири информатика боюнча эл аралык олимпиадага катышуучуларды даярдоо үчүн атайын жыйындарды Кыргызстанда да өткөрүү мүмкүнбү деген суроо узатты.

Президент Садыр Жапаров мектеп кезинен эле шахматка жакын экенин, азыр бош убактысында ойной турганын айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, ийгиликтин кепилдиги – талыкпаган аракет, өжөрлүк жана өзүнө болгон ишеним.

Ошону менен бирге ал тийиштүү мамлекеттик органдарга олимпиадага катышуучулар үчүн даярдык көрүү жыйындарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууна тапшырды.

Мамлекет башчысы таланттуу, билимдүү жаштар элдин, өлкөнүн жаркын келечегинин үмүтү экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров мектеп окуучуларына жергиликтүү жана эл аралык олимпиадаларда ийгиликтерди каалап, алардан келечектеги өлкө жетекчилери чыгып, элге, мамлекетке пайда алып келээрине ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда мектеп окуучуларына эстелик белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий