• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бүгүн Чолпон-Атадагы «Алтын балалык» реабилитациялык комплексинин ачылышы болот

Ден соолук 0


Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин расмий ачылышы болот.

Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, комплекс өлкөнүн алыскы аймактарынан келген балдардын жана энелердин, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ден соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоого ылайыкталган.

Буга чейин каражаттын тартыштыгынан улам комплекс бүтпөй калганы маалымдалган. Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 19-мартында реабилитациялык комплекске барып, курулуш иштеринин талап кылынган көлөмү менен таанышып, аны реконструкциялоону баштоону тапшырган.

Октябрь айында балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафону жарыяланган. Марафондун жыйынтыгында 30 миллион 90 миң сом чогултулду жана комплекстин курулуш иштерин тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Долбоорго ылайык, комплекс 8 блоктон турат, анда төмөнкү бөлүмдөр болушу керек: аллергологиялык, онкологиялык, пульмонологиялык, акушердик-гинекологиялык, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврологиялык бөлүмдөр.

Ошондой эле, комплексте уктоочу бөлүмдөр, клиникалык лабораториялар, тамактануучу, кир жуучу жай жана магниттик-резонанстык томография орнотуу каралган.

Комплекстин жайгашуусу Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен тандалган.

Пикир

Оставить комментарий