• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда өспүрүмдүн мээсине уникалдуу операция жасалды

Ден соолук 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө мээге татаал операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Операцияга КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Миталип Мамытов жана кафедра башчысы Бакыт Карачев баштаган нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери катышты.

2016-жылы Жалал-Абад облусунда туулган бейтапка баш мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү көлөмдүү шишик деген диагноз коюлган.

"Мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү шишикти, башкача айтканда тератоманы алып салуу операциясы ийгиликтүү өттү. Тератоманын ичинде бир тутам чач болгон, ал болжол менен бала төрөлгөндөн тартып ооруканага кайрылганга чейин өсүп келген", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган карынчанын түбүндө чачтын тамыры болгон, ал жатын ичиндеги өнүгүүнүн бузулушу менен байланыштуу болушу мүмкүн. Чачтын өсүүсүнүн уланышы бейтаптын ден соолугуна коркунуч келтирмек.

Пикир

Оставить комментарий