• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия кубогуна тандоо: "Ак шумкарлар" оюн талаасына ак жана көк түстөгү формада чыгат

Спорт 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-июнда Кыргызстандын футбол курамасынын Азия кубогунун тандап алуу оюндарында кие турган формасы тартууланды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

“Ак шумкарлар” оюн талаасына ак жана кызыл түстөгү формада чыгат. Ошондой эле Сингапур, Мьянма жана Тажикстандын курамаларынын формалары дагы тартууланды.

Ар бир беттеште формалардын түсү өзгөрүп турат:

8-июнь:
• Кыргызстан (кызыл түстө) - Сингапур (көк);
• Тажикстан (кызыл) - Мьянма (ак).

11-июнь:
• Сингапур (кызыл) - Тажикстан (ак);
• Мьянма (кызыл) - Кыргызстан (ак).

14-июнь:
• Кыргызстан (кызыл) - Тажикстан (ак);
• Мьянма(кызыл) - Сингапур (көк).

Эскерте кетсек, футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтөт. Беттештер Индия, Кувейт, Малайзия, Монголия, Өзбекстан жана Кыргызстанда болмокчу.

Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Бул тайпадагы оюндардын баары Кыргызстанда болот.

Азия кубогуна тайпалык тандоо турунун оюндары 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий