• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Азия оюндарында Нурзат Нуртаева күмүш медалга татыды

Спорт 0

Бишкек, 06.10.23./Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия оюндарында күмүш медалга татыды.

Финалдык беттеште Нуртаева кытайлык спортчу Фенг Чжоу менен кез келип, 2:13 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Аталган мелдешке Нурзат Нуртаева 68 кг салмак ченинде, 4/1 финалдан тарта катышып, алгачкы атаандашы казакстандык Елена Шалыгинаны 8:7 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште кыргыз балбаны монголиялык Делгермаа Энхсайханды 10:8 эсебинде артта калтырды.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий