• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте түркиялык ишкерди карактап кеткендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Бишкекте чет өлкөлүк ишкерди карактоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-майга караган түнү Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде түндө белгисиз адамдар Түркиядан келген 57 жаштагы ишкердин үйүнө кирип, күч колдонуп, ишкерди таяк менен сабашып, 60 миң сомдон ашык акчасын жана башка баалуу буюмдарын алып кетишкен.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, Биринчи май районунун ИИБде КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

"Милиция кызматкерлери кылмышкерлерди аныктоо жана кармоо боюнча кеңири масштабдуу ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, 6-июнда шектүү катары мурда дагы сот жообуна тартылган Ош облусунун Ноокат районунда 1999-жылы туулган А. уулу С. менен А.уулу А. кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алардын башка дагы ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар же жоктугу текшерилүүдө.

"Жогорудагы жарандардан жабыр тарткандар же кандайдыр-бир маалыматтарды билгендер ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына (0312) 266004 номурлары аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз", - деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий