• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында УКМК тарабынан ИИМ менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) катарына рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1994-жылкы Кыргызстандын Д.А., аттуу жараны кармалган.

«Кармалган Д.А., эл аралык террористтик уюмдун лагеринен атайы диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп жана башчысынын тапшырмасы боюнча террористтик иш-аракеттерди аткаруу максатында Кыргызстандын аймагына келген. 2016-жылдан бери кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Жалданмачылык» беренеси боюнча издөөдө жүргөн»", - деп билдиришти УКМКдан.

Кармалган адам Жалал-Абад шаарынын ОИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий