• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

УКМК: УКТнын мүчөсү опузалап талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү опузалап талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөп жаткан мезгилинде “положенец” деп эсептелген Я.К. аттуу кыргызстандык кармалып, №1 тергөө камак жайына киргизилди.

Ал кылмыш жазасын өтөп жаткан учурда чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган.

Я.К. кармоо учурунда жалпы салмагы болжол менен 60 граммды түзгөн гашиш баңгизаты табылган. Мындан аркы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн аталган факты Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүндө (“Опузалап талап кылуу”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында Я.К. кармалган.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүнүн башка мыйзамсыз иштерге катышуусу бар экендиги аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий