• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте каза болгон чет элдик: Шектүү окуя тууралуу өз версиясын айтып берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Бишкектеги Айчүрөк соода борборунун (ЦУМ) жанынан Нигериянын жаранын уруп жиберген жаран көрсөтмө берди.

Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, шектүү катары кармалган К.Э. аттуу жаран чырдын чоо-жайын айтып берген.

Шектүүнүн айтуусунда, 2-июль күнү ал “Чынар” соода борборунун жанында достору менен соцтармактар аркылуу түз эфирге чыгып, сүйлөшүп жаткан.

“Сүйлөшүп жатканда жанына чет элдик жаран келип, аны телефонго тартпоону айткан. Ал эми К.Э. ага “Мен сизди телефонго тарткан жокмун” деп жооп берген. Кийин Т.А. аттуу жаран аны жаман сөздөр менен атап, сөккөн. Бул чыр ЦУМга барганга чейин уланган. Ал жерден, өзүнө карай айтылган ыплас сөздөргө чыдабай, К.Э. чет элдик жаранды бетке чаап жиберген. Сокку алган жаран жерге каракуш мээ тарабынан кулап түшкөн”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында тергөө иш-чаралары уланууда.

Эске салсак, сабалган Нигериянын жараны бүгүн түндө каза болду.

Пикир

Оставить комментарий