• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үстүбүздөгү жылы жөлөкпулдарды төлөөдө 455 мыйзам бузуу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы жөлөкпулдарды төлөөдө 455 мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, прокуратура органдары тарабынан 2019-жылы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 455 мыйзам бузуу ачыкталган.

Аларды жоюу максатында прокурорлор тарабынан 150 акт түзүлүп, келтирилген зыяндын 2 млн. 312 миң 441 сому кайтарылган. 155 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2017-жылы райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон 21 үй-бүлөгө жөлөкпул төлөп берүүдөн баш тарткандыгы аныкталган. Ал эми 2018-жылы жөлөкпул 5 жаранга берилген эмес.

Мындай мыйзам бузуулар Лейлек, Талас, Бакай-Ата, Ак-Талаа, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп, Ноокен, Октябрь жана Биринчи май райондорунда жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр жана Сүлүктү шаарларында да аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий