• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 5-кабаттын терезесинде ойноп жаткан эки кичинекей кыз куткарылды

Кырсык 0


Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Бишкектин Т.Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы терезеде ойноп жаткан эки кичинекей кыз куткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, терезеде үч жана беш жаштагы кыздар ойноп, көзөмөлсүз калганы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.

“Куткаруучу ыкчам түрдө жерине жетип, наристелерди алып түшүү аракетин көрүшкөн. Тартылган куткаруучулар 9-кабаттан 5-кабатка атайын альпинисттик шаймандын жардамы менен эки кызды куткарып калышты”, - деп айтылат маалымат.

Кыздар милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Белгилей кетсек, кыздар үйдө көзөмөлсүз калган.

Пикир

Оставить комментарий