• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Иманалиев Кайрат Олжобаевич Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий