• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектеп лигасы: Бишкекте тогуз-коргоол боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Бишкекте «Мектеп лигасы» программасы боюнча мелдештер уланууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, 18-ноябрдан 19-ноябрга чейин тогуз-коргол боюнча балдар жана кыздар арасында мелдеш болуп өттү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында байгелүү орундарга төмөнкү командалар ээ болушту:

1-орун – №51 мектеп-гимназиянын командасы;
2-орун – Чыңгыз Айтматов атындагы лицейинин командасы;
3-орун – №35 орто мектебинин командасы;
4-орун – №66 гимназия - окуу- тарбия комплексинин командасы.

Кыздар арасында:
1-орун – №51 мектеп-гимназиянын командасы;
2-орун – №67 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинин командасы;
3-орун – №65 экология – экономикалык лицейинин командасы;
4-орун – №66 гимназия - окуу- тарбия комплексинин командасы.

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Мелдештерди Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий