• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Канададагы кыргыздар беттештин алдында Валентина Шевченкону колдогон видео тартышты

Спорт 0


Бишкек, 30.08.17. /Айжамал Дуйшоева – Кабар/. Канадада жүргөн Кыргызстандыктар Валентина Шевченконун бразилиялык Аманда Нуньес менен боло турчу беттешинин алдында аны колдогон видео ролик тартышты.

“Валентина, сен UFC мыкты чемпионусуң! Биз сенин жеңишине ишенебиз, беттеште ийгилик. Сен мыктысың. Шевченко – биздин чемпион, алга!”,- деп Шевченкого ийгилик каалашты мекендештерибиз.

Эске сала кетсек, Кыргызстандык Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нуньестин UFC 215 турниринин алкагындагы реванш-беттеши 9-сентябрь күнү Канаданын Эдментон шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий