• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нурланбек Шакиев Швейцариянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев Швейцария Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

“30 жылдан ашуун убакытты камтыган алакаларды мындан ары да жигердүү өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Айрыкча, Швейцариянын гидроэнергетика жаатындагы заманбап тажрыйбасынан пайдаланып, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башкы максатыбыз. Мындан сырткары, тоо туризми жаатында да Швейцариянын жетишкендиктери арбын экенин эске алуу менен тажрыйба алмашуу да артыкчылыкка ээ”, – деди ал.

Ошондой эле экономикалык байланыштар ортодогу мүмкүнчүлүктөргө толук жооп бербей тургандыгын айткан төрага соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү жаатында да жигердүү иш алып баруу керектигине токтолду.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселеси да көтөрүлдү.

“Байланыштарды чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу өтө чоң. Андыктан, парламенттеги тармактык комитеттердин, депутаттык достук топторунун ортосунда биргелешкен иш-чараларды өткөрүп, эки тараптуу жолугушууларды байма-бай уюштуруубуз кажет”, – деди Нурланбек Шакиев.

Өз кезегинде Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер айтылган бардык сунуштар боюнча тийиштүү иштерди алып барарын белгилеп, анын ичинен гидроэнергетика тармагына инвестиция тартуу боюнча керектүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн кошумчалады.

Андан тышкары, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгына керектүү багыттарды талкуулап, артыкчылыктуу тармактар боюнча кеңири ой бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий