• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япония Кыргызстанга 1 млрд йен грант бөлөт. Каражат эмнеге жумшалат?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Япониянын өкмөтү Кыргызстанга "Ирригациялык каналдарды карап күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу" долбоорунун алкагында 1 млрд 87 млн йен (болжол менен 7,4 млн доллар) бөлөт, деп билдириди Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан.

Маалыматка ылайык, ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда 2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы "Ирригациялык каналдарды карап күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана өткөн жылдын аягында Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Ирригациялык каналдарды карап күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи - КР министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору боюнча суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Мурат Раматов маалымат берди. Анын айтымында, "Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу" долбоору мамлекеттик ирригациялык фондду талаптагыдай кармоону жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө сугат суусун үзгүлтүксүз берүүнү ишке ашыруу үчүн СРК жер казуучу жана башка техника менен камсыз болушун жакшыртууга, ошондой эле суу чарба объекттерин реабилитациялоого жана курууга арналган. Япониянын өкмөтү КР министрлер кабинетине "Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн 1 млрд 87 млн жапон йенине чейин грант берет.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Чингиз Айдарбеков гранттык каражаттарды алууну колдоп, мамлекеттик органдардын суу ресурстары жаатындагы ишин күчөтүү зарылдыгын кошумчалады. Жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорун үч окууда колдоду.

Пикир

Оставить комментарий