• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алайбек Алымбаев ЖКнын аппарат жетекчиси болуп дайындалды — өмүр баяны

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү тескемеге төрага Нурланбек Шакиев кол койду.

Алымбаев Алайбек Анаркулович 1980-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2007-жылы КР президентине караштуу Башкаруу академиясын (магистратура), 2009-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын, 2014-жылы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин бүтүргөн.

Мамлекеттик-жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолун 2001-жылы Ош облустук Балдардын чыгармачылык борборунда ийрим жетекчиси болуп баштаган.

2002-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, тарых мугалими, Жаштар комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

2005-2006-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын референти, 2006-2008-жылдары Жогорку Кенештин Аппаратынын Социалдык саясат комитетинин жана эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү боюнча комиссиясынын бөлүмүнүн улук консультанты, Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин бөлүмүнүн консультанты кызматтарын аркалаган.

2008-2010-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарынын жардамчысы, 2016-2021-жылдары Жогорку Кеңештин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын катчылыгында консультант, эксперт болуп иштеген.

2021-жылдын октябрынан декабрына чейин VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.

Ал эми 2022-жылдын ноябрынан бери Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий