• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Талаа жана Жумгал районундагы маданий мекемелер оңдолууда

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа жана Жумгал районундагы маданий мекемелер оңдолууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсунө караганда, Ак-Талаа райондук Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүнүн бир бөлүгүнүн сырты жылууланып, көрктөндүрүлдү. Ошондой эле имараттын эшик жана терезелери алмаштырылып, чатыры жабылды. Маданият министрлиги тарабынан бул максаттарга 2 млн 200 миң сом бөлүнгөн.

Андан тышкары, Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн жылуулук системасы орнотулууда. Учурда электромонтаждоо, айланасын тосуу жана башка иштер аткарылууда. Ремонтко 200 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий