• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкө аймагында сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунда 5, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кеңеш айылында короодо жыйылган 250 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарынын Амур-Темир кичирайонундагы жыгач устундуу шифер менен жабылган мончонун 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий