• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Австрияда Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн туристтик роуд-шоу өткөрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Вена шаарындагы Австриянын Федералдык Экономикалык палатасында Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн туристтик роуд-шоу өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Туризм департаментинен билдиришти.

Кыргызстандын делегациясын Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев жетектеди.

Роуд-шоунун жүрүшүндө кыргыз тарап өлкөнүн туристтик дарамети менен тааныштырып, туристтик компаниялардын жана дестинацияларынын жетекчилери өздөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча презентацияларды жасашты. Австрия тарап өз кезегинде Австрияда туруктуу туристтик дестинацияларды өнүктүрүү, Австрияда туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу маалыматы менен бөлүштү.

Мындан тышкары, тараптар туризм боюнча биргелешкен кызматташууну мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, туризм жаатында келечектүү кызматташуу боюнча байланыштар менен алмашышты. Ошондой эле роуд-шоунун бир катар катышуучулары ушул жаздын аягында Кыргызстанга саякаттоо менен келүү ниетин билдиришти.

Иш-чарага Кыргыз туристтик уюмдар ассоциациясынын президенти Мидин кызы Салтанат, туристтик компаниялардын жана дестинацияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле туризм тармагындагы эл аралык долбоорлордун өкүлдөрү катышты.

Австрия тараптан иш-чарага Австриянын Федералдык Экономикалык палатасынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору К. Штайнер, Австриянын туристтик агенттиктер жана туроператорлор ассоциациясынын төрагасы Г. Каданка, Австриянын улуттук туристтик бюросунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Австриядагы ардактуу консулдары В. Брембергер, К. Муттонен, ошондой эле Австриядагы туристтик компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, иш-чараны Туризм департаменти Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин колдоосунда уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий