• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абдалиев Чүй облусунун бир катар аймактык салык органдарын кыдырды

Экономика 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев Чүй облусунун бир катар аймактык салык органдарына, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Чалдыбар" контролдук-өткөрмө пункттуна жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктуна барды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Чалдыбар” товарларды эсепке алуу пунктуна барганда ведомство башчысы салык кызматкерлеринин иштөө шартын, обочолонгон жумуш орундарындагы техникалык жабдууларды текшерип, товарларды ташуу режимдери, ошондой эле жыл башында ишке киргизилген “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалыматтык системасы менен таанышты.

Абдалиев белгилегендей, “Жыйынды пост” системасы салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун компоненттеринин бири болуп эсептелет жана ЕАЭБге мүчө-өлкөлөр менен сооданын алкагында товарларды эсепке алуу жол-жоболорун автоматташтыруу, ошондой эле товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы күрөшүү максатында түзүлгөн.

“Жыйынды постун” колдонуу ички чек араларда товарларды жана транспорттук каражаттарды эсепке алуу процессин тездетет, сапатын жогорулатат жана кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууну камсыз кылат”, – деди Абдалиев.

"Жыйынды посту" ачылгандан тартып ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн товарларды алып келген импорттоочулар онлайн форматта коштомо кагаздарды тариздей башташты. Мындан тышкары, алар өткөн жылдан тартып Салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинети" аркылуу товарды алып келүүгө салык органынан аралыктан маалымкат ала алышат.

Мыйзам алкагында гана алынып келинген товарларды эсепке алууну, жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууну, ошондой эле башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууну салык кызматынын жетекчиси тапшырды.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев ошондой эле Жайыл, Панфилов жана Москва райондору боюнча салык органдарынын жамааттары менен бир катар иш жолугушууларды өткөрүп, алардын ишинин уюштурулушу жана эмгек шарттары менен таанышты.

Ведомство башчысын салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча учурдагы абалы, санариптештирүү алкагындагы ар түрдүү долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү, Бирдиктүү терезелердин жана сервистик борборлордун иши жана салык төлөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты кызыктырды.

Ар бир аймактык салык органына барганда К. Абдалиев салык саясатынын актуалдуу маселелерин талкуулап, фискалдык органдын алдында турган учурдагы жана келечектеги милдеттерин белгилей кетти.

Төрага 2021-жылдагы Салык кызматынын алдында турган милдеттердин ичинен салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды ар айлык 100 пайызга аткаруудан тышкары, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу алкагындагы бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди атап өттү.

Мындан тышкары, Салык кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин андан ары кеңейтүү, анын ичинде ведомствонун сайты жана салык төлөөчүлөр тарабынан аларды колдонуу чөйрөсү аркылуу, салык жол-жоболорун оптималдаштыруу, электрондук түрдө салык отчетторун берген жана банктык, төлөм терминалдары аркылуу салыктарын төлөгөн салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү салыктык кызматтардын сапатын андан ары өркүндөтүү боюнча иштер улантылууга тийиш.

Салык төлөөчүлөр менен болгон жолугушууда К. Абдалиев өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп берди, санариптештирүүнүн алкагында киргизилип жаткан жаңы долбоорлор тууралуу айтып берип, бардык салык кызмат көрсөтүүлөрдү атап берди, аны жарандар онлайн форматта салык органына барбай колдоно алышаарын айтып, жарандарды Салык кызматынын сайты аркылуу онлайн кызматын активдүү колдонууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий