• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япония элчиси Кыргызстанга инвестиция тартууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 11.12.19 /Кабар/. Кечээ, 9-декабрь күнү КР экономика министри Санжар Муканбетов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Муканбетов, КР Экономика министрлиги Япония менен кызматташууда, биринчи кезекте соода, инвестиция жана ишкерчилик тармактарында кызматташууну арттырууга көңүл бурарын белгилеген.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода, туризм, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө эл аралык кызматташууну арттырууну макулдашышкан.

Аны менен бирге Япониянын элчиси Кыргызстанга инвестиция тартууга, Япониянын бизнес чөйрө өкүлдөрүн КР экономикасынын артыкчылыктуу багыттары менен тааныштырууга кызыкдар экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий