• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-сауд соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын чыңдоо талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын төрагасы Хасан Аль-Хувайзи менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Марипов Кыргызстан өкмөтүнүн чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иштери тууралуу айтып берип, Кыргызстандагы инвестициялык климат боюнча кеңири маалымат берди.

Өз кезегинде, Хасан Аль-Хувайзи кыргыз-сауд кызматташтыгынын өнүгүү динамикасын жогору баалап, эки өлкөнүн болгон соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалын максималдуу пайдалануу үчүн соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Сауд Аравиясынын Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын атынан бизнес байланыштарды чыңдоого жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, жана ошондой эле алдыда пландалган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын учурунда бизнес-форумдарды уюштуруу боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий