• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төраганын орун басары Кореяга туристтик визаларды берүү шарттарын жеңилдетүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Жолугушууда төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев кыргыз-корей кызматташтыгы жигердүү өнүгүп, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Муну менен катар парламенттер аралык байланыштар да жаңы баскычка жогорулаганын кошумчалады.

«Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө парламенттердин ролу өтө чоң. Андыктан кыргыз парламенти Кореялык кесиптештер менен мындан ары да байланыштарды чыңдоого кызыкдарбыз»- деди Нурланбек Азыгалиев.

Ошондой эле ал Кыргызстандын жарандарына виза берүү процессинде көйгөйлөр бар экенин айткан төраганын орун басары, визалык эрежелерди жеңилдетүү учур талабы экендигин кошумчалады. «Корея визасын Кыргызстандын потенциалдуу туристтерине, бизнесмендерине жана студенттерине жеткиликтүү кылуу максатында туристтик визаларды берүү шарттарын жеңилдетүүнү жана кошумча визалык борборлорду ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылам. Жөнөкөй жана жеткиликтүү виза режими эки өлкөнүн ортосундагы алаканы арттырып, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык байланыштардын кеңейишине өбөлгө түзөт»,- деди Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары.

Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Азыгалиевге ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык байланышты мындан ары да жигердүү өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди.

“Кыргызстан Борбордук Азиядагы демократиялуу өлкө катары биздин негизги өнөктөштөрүбүздүн бири болуп саналат. Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин биздин өлкөдө болгон расмий сапары кызматташтыкты жаңы деңгээлге алып чыкты десек болот. Виза берүү, жумушка орноштуруу сындуу маселелер Өкмөт тарабынан каралып, чечилет деген ишенимдемин. Быйыл Корея Республикасы кыргызстандыктар үчүн 2700 жумуш орундарына квота берди”, - деди Чонг У Тэк.

Жолугушууга Жогорку Кеңештеги Корея Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Султанбай Айжигитов, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев катышты.

Пикир

Оставить комментарий