• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Соттор кеңеши М.Бакиевдин жер тилкесине байланыштуу сот боюнча чечим кабыл алышы керек – депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Соттор кеңеши Максим Бакиевге тиешелүү Скрябин 45, 45А дарегиндеги жер тилкесине байланыштуу сот боюнча чечим кабыл алышы керек. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Анын айтымында, ЖМКларда соттор кеңешинде Скрябин тилкеси боюнча бишкек шаардык сотунун мыйзамсыз аракетине нааразычылык түшкөнү боюнча маалымат пайда болду. “Бул тилке өз кезегинде М.Бакиев тарабынан мыйзамсыз басып алынган. Эми бул иш боюнча тергөөнү ошол адамдар менен жакшы мамиледе болушу мүмкүн болгон сот жүргүзүп жатат. Эмне үчүн бул сотко мындай жаңжалдуу ишти ишенип беришет? Бул мага түшүнүксүз”,-деди И.Карамушкина.

Ошондой эле, депутат Жогорку соттун демилгесин колдой турганын белгиледи. Ал соттор кеңеши бул иш боюнча принципиалдуу чечим кабыл алышы керек деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий