• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСинин 3-фазасы үчүн 110 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. Фаза-3» долбоору боюнча каржылоо жөнүндөгү макулдашууну жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү 3 фазадан турат. Ушу тапта ынын 1- жана 2-фазасы Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылууда. 3-фазада калган эки турбоагрегатты алмаштыруу каралган. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 МВт чейин жогорулайт. Ал үчүн болжол менен 175 млн доллар көлөмүндө каражат талап кылынат.

Аталган макулдашуунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы 50 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык жана 60 млн доллар өлчөмүндөгү насыялык каражат бөлдү.

Насыя каражаты «Электр станциялары» ишканасына кайра насыяга бериле тургандыктан, бюджетке кошумча күч келтирбейт. Мында акча каражаттарын кайтаруу – кубаттуулукту көбөйтүүнүн жана электрэнергияны кошумча иштеп чыгаруунун эсебинен ишке ашырылат.

Элвира Сурабалдиева баштаган айрым депутаттар акыркы 25 жылда өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө канча каражат жумшалганына кызыгышты.

Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев бул багытта 1,7 млрд доллар жумшалганын, анын ичинде 1,3 млрд доллар гранттык каражат болуп санала турганын билдирди. Ал эми Токтогул ГЭСинин үч фазасы үчүн баш-аягы 487 млн доллар жумшалмакчы.

Андан сырткары, «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-Фаза» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу түзүүгө макулдук берилди.

Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСи 1975-жылы пайдаланууга берилген. Кубаттуулугу - 1200 МВт. Бүткүл өлкөнүн орточо иштеп чыгарган электрэнергиясынын 40 пайызы ага тийиштүү. Анын шаймандары жедеп эскирип калгандыктан, толугу менен алмаштырууга муктаж.

Пикир

Оставить комментарий