• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурланбек Шакиевге КМШ ПААнын 30 жылдык маарекелик медалы ыйгарылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында бүгүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин жыйыны өттү.

Иш-чарада КМШ ПААнын Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко шериктештикке мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышын чыңдоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ролу чоң экенин белгиледи.

Ошондой эле Ассамблеянын өнүгүшүнө жана парламенттер аралык байланышты арттырууга кошкон өзгөчө салымы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевге “КМШ ПААнын 30 жылдыгы” мааракелик медалын ыйгарды.

Андан тышкары, Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө парламенттик ассамблеянын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маселелер талкууланып, КМШ алкагындагы алакаларды арттырууга багытталган сунуш-пикирлер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий