• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек жана Кутаиси шаарларынын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев Грузиянын аэропорттор ассоциациясынын директору Ираклий Каркешадзе менен жолугушту.

КР МИДден билдиришкендей, жолугушууда тараптар Бишкек жана Кутаиси шаарларынын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Ираклий Каркешадзе Кутаиси эл аралык аэропорту жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнөн улам авиакомпаниялар үчүн жагымдуу болуп баратканын белгиледи. Ал Грузиянын аэропортторунун ассоциациясы Грузия менен Кыргызстандын ортосунда түз аба каттамдарын өнүктүрүүнү колдоого даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тең бул демилгенин ийгиликтүү ишке ашарына үмүт артышты.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан Грузияга 3 миң 432 турист келген. 2022-жылы туристтердин саны 14 миң 218 адамды түзүп, бул 2019-жылга салыштырмалуу 7%га көп болгон.

Пикир

Оставить комментарий