• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ө.Текебаевди коргоп митинг уюштургандар митинг өткөрүү тууралуу ниеттерин жергиликтүү бийлик органдарына билдиришкен эмес - мэрия

Коом 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. Өмүрбек Текебаевди коргоп митинг уюштургандар “Ала-Тоо” аянтында митинг өткөрүү тууралуу ниеттерин жергиликтүү бийлик органдарына билдиришкен эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзам боюнча мындай акцияларды жана митингдерди өткөрүү тууралуу жергиликтүү бийлик органдарына билдирилиши керек. Атап айтканда, мында билдирүү Бишкек мэриясына түшүшү керек болчу.

Эскерте кетсек, бүгүн “Ата Мекендин” лидери Ө.Текебаевдин жактоочулары Ала-Тоо аянтына митинге чыгышкан. Башкы прокуратура бул саясатчыга карата “Коррупция” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 26-февралда ал “Манас” аэропортунан кармалган.

Пикир

Оставить комментарий