• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас шаарында жергиликтүү соттор арасында волейбол жана кичи-футбол боюнча мелдеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 24-февралында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Талас областтынын жергиликтүү соттор арасында волейбол жана кичи-футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чаранын уюштуруучусу - Талас областтык соту болду. Мындай мелдеш салттуу түрдө квартал сайын Талас областтынын жергиликтүү соттору арасында өткөрүлөт.

Мелдешке Талас областтынын жергиликтүү курама командалары катышышты.

Спорт адамдын интеллектуалдык жана физикалык жактан өнүгүүсүнө багытталат, бул албетте ар бир кызматкерге керек, мындан тышкары мелдештин күчтүү катышуучулары аныкталып, жакшы спорттук команданы түзүү үчүн жардам берет.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарды ээлеген курама командаларга кубок, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий