• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен районунда жакында 8 соцобъект пайдаланууга берилет

Аймак 0


Бишкек, 14.10.23. /Кабар/. Баткен районунда 8 социалдык объект пайдаланууга берүү алдында турат.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жакында төмөнкү соцобъекттер пайдаланууга берилет:

- Ак-Сай айылындагы 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектеби;

- Ак-Сай айылындагы 75 орундуу «Эделвейс» балдар бакчасы;

- Көк-Таш айылындагы 50 орундуу «Учкун» балдар бакчасы;

- Көк-Таш айылындагы 120 орундуу башталгыч мектеп;

- Достук айылындагы 100 орундуу орто мектеп;

- Достук айылындагы 50 орундуу "Бөбөктай" балдар бакчасы;

- Достук айылындагы ФАП;

-Бассейн;

Бул обьекттер Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС уюму тарабынан курулду.

Жогоруда объектилердин курулушу дээрлик аяктады. Баары керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылууда.

Мындан сырткары, жыл башынан бери 7 обьект курулуп пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий