• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында мал санак жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мал санак жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-декабрда калаанын Достук аймактык башкармалыгынын кварталдык комитет башчылары ар бир үйгө кирип, мал-жандыктарын жана үй канаттууларын каттоого алууда. Мындай иш-чара шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен калаанын бардык аймактык башкарууларында жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы 2021-жылдын 25-декабрында белгилүү болот.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 2020-жылдын аягында 5 миң 97 уй, 13 миң 712 кой-эчки жана 20 миңге чукул үй канаттуулары катталган.

Пикир

Оставить комментарий