• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Бул жылы милициянын көчмө кабылдамалары 5,6 миңден ашык кайрылууну карады

Коом 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда Ички иштер министрлигинин Академиясында милициянын көчмө кабылдамалары (МКК) иш алып баруусунун 10 жылдыгына арналган Ички иштер министрлиги жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси уюштурган "Милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгү жана калк менен социалдык өнөктөштүк” аттуу темасындагы отурум болуп өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов, аталган кеңсенин аскер-саясий департаментинин жетекчиси Александр Елисеев, ЕККУнун полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, ИИМ, Бишкек шаардык жана Чүй облустук милиция кызматкерлери, Кыргызстандын райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн АКТМ мобилдүү автомашиналардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча ассоциациясынын өкүлдөрү катышышты.

Отурумдун ачылышында Урмамбетов көчмө милиция пункттарынын долбоорун ишке киргизүү менен республиканын ИИБнын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жогорулатылгандыгын, калк менен иштөө системасы жакшыртылгандыгын, коом менен жемиштүү маек үчүн жаңы кадамдар иштелип чыккандыгын жана калктын милицияга болгон ишеним деңгээли жогорулатылгандыгын белгиледи.

“Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, 2021-жылдын 10 ай аралыгында республикада милициянын көчмө кабылдамалары жалпы 5 722 жолу чыгышкан, буларга 23 144 жакын жаран кайрылуу жасашкан, анын 5 678 кайрылуу жана арыздар каралып чыккан”, - деп баса белгиледи.

Ошондой эле ал ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан куттуктоо сөздөрүн жана жакшы каалоолорун билдирди.

"Ички иштер министри тарабынан милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруп жататю. Көчмө экипаждардын ишинин аркасында коомдун коопсуздукту камсыздоо деңгээлин, кайрылууларды кароодогу ыкчамдуулукту жогорулатуу жана эл менен байланышты жандандыруга мүмкүнчүлүк түздү", - деди Урмамбетов.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов милициялардын көчмө кабылдамалары өз натыйжалуулугун өлкө жана коомчулук үчүн эң оор учурда көрсөткөндүгү белгилеп, акыркы эки жыл ичинде өлкөнүн, өзгөчө алыскы райондорунда багыт алышып жана коронавирус илдетинен коргонуу ыкмалары, вакцинациянын маанилүүлүгү жөнүндө айтып берип, калктын социалдык жактан аярлуу катмарына гуманитардык жардам беришкендигин белгиледи.

Мындан тышкары, окуу сапатын жакшыртуу жана милиция кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында ЕККУнун программалык кеңсеси компьютердик техника түрүндө акысыз жардам көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий