• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык аймак таануу музейине жаңы жетекчи дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык аймак таануу музейине Зарниса Шериева жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жаңы жетекчини калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Сыргабаева эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалашты.

Зарниса Шериева буга чейин №18 “Манас 1000” орто мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенип келген. Ошондой эле шаардык кеңештин IX чакырылышынын депутаты болгон.

Белгилей кетсек, аталган мекемени бир топ жылдан бери жетектеп келген Венера Мусина ардактуу эс алууга чыкты.

Пикир

Оставить комментарий