• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында кичи автобустардын каттамына болгон көзөмөл улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында жүргүнчү ташыган кичи автобустарга болгон кечки рейд улантылып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Алсак, кечээ, 21-декабрда да мэриядан, жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинен түзүлгөн комиссия аялдамаларга барып, коомдук транспорттордун интервалда белгиленген тартипте иштеп жатканын текшерүүгө алды.

Жыйынтыгында №113, №142, №106, №146, №116 маршруттук линиялар саат 20:30дан кийин узак убакытта каттап жатканы белгилүү болду. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди.

Мэриядан кошумчалашкандай, мындай рейд күн сайын өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий