• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Сузакта өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү, мектеп мугалимдери менен тыгыз кызматташып, окуучулардын терс жолго түшүүсүн болтурбоо үчүн район аймагындагы ар бир айыл аймактарда чакан жыйындар өткөрүүдө. Анда өспүрүмдөр аралашкан кылмыш жана кырсыктарга бөгөт коюу чаралары жана аны ишке ашыруу жолдору талкууланып жатат.

Мындан сырткары, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерге балдарын көзөмөлгө алуу керектигин эскертишүүдө. Аралыктан окуусун текшерүү жана түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыгарбоо зарылдыгын жеткиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий