• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында таштанды ылгоочу аянтчалардын саны көбөйөт

Аймак 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Ош шаарында таштанды ылгоочу аянтчалардын саны көбөйөт. Мындай маалымат "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында белгилүү болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында ишкананын жетекчиси 2023-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыктары боюнча маалымат берди.

Мында таштандыларды жыйноо маданиятын жогорулатуу, керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында быйылкы жылга мерчемделген максаттары тууралуу айтып өттү.

Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын тазалоо иштерин күчөтүү максатында быйылкы жылы 30га жакын кошумча кызматкер алуу болжолдонуп жатканын билдирди.

Жыйында Сонунбек Жунусбаев "Ош-Тазалык" ишканасынын жетекчилигине керектөөчүлөрдүн санын арттыруу, шаар аймагында сигнал берүүчү тутумунун ишин жакшыртуу, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери, кварталдык комитеттер менен биргеликте жумуштарды күчөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий