• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

19-январга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 19-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргыстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +2…+7, Талас облусунда -1…+4, Ысык-Көл облусунда -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6…+11, Нарын облусунда 0…-5 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +5…+7 градуска көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий