• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте Expo Eurasia - Kyrgyzstan эл аралык көргөзмөсү жыйынтыкталды

Экономика 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Бишкекте Expo Eurasia - Kyrgyzstan эл аралык көргөзмөсү жыйынтыкталды, деп билдирет Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) маалымат кызматы.

СӨП тарабынан уюштурулган үч күндүк көргөзмөгө Кыргызстандын, Россиянын жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн өндүрүүчү компаниялары катышып, алар тамак-аштан баштап, акыркы технологияларга жана унааларга чейин өз продукцияларын көрсөтүштү.

Көргөзмөгө келгендер буюмдардын сапатын текшерип, даамын татып, ошондой эле жабдууларды сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Андан тышкары, эл аралык көргөзмөнүн алкагында сыр фестивалы жана "бал челек 2023" аталыштагы бал көргөзмөсү өттү.

Көргөзмөнүн максаты — сапаттуу ата мекендик жана чет өлкөлүк продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү, ошондой эле Евразия мейкиндигинин ишканалары менен өлкөлөрүнүн экономикалык, илимий-техникалык, маданий өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү болду.

Пикир

Оставить комментарий