• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында аскерлер ортосунда ок атышуу орун алды — Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 08.07.21./Кабар/. 2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара мекемелеринин аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу орун алган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, КР УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан.

Аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болгон.

Чыр-чатак учурунда жаракат алган аскер кызматкерлери боюнча маалымат такталып жатат.

Орун алган окуянын келип чыгуу себептерин жана жагдайларын териштирүү максатында күч структуралырынын жетекчилери жана КР УКМК Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кыялбек Төлөнбаев жөнөп кетишти. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү бул факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий