• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аюу-Сай айылында жер көчкүдөн каза болгондорго багышталып түлөө өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. Бүгүн, 23-май күнү Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчкүдөн каза болгон мекендештерибиздин жакындарынан кабар алып, жалпы элдин ал акыбалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев жана жалпы жергиликтүү тургундар катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев жер көчкүдөн каза болгон маркумдардын рухуна багыштап Куран окуду жана алардын жакындарын сабырдуулукка чакырды.

Ошондой эле, жалпы элди биримдикке, ынтымаккка чакырып жана жергебизге тынчтык каалап, Куран аяттарынын негизинде баян жасап берди. Андан соң жалпы айыл элинин катышуусунда өткөндөрдүн рухуна багышталып Куран окулуп, түлөө өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 29-апрелинде таңга маал Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчүп, 24 кишини басып калган.

Пикир

Оставить комментарий