• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айрым чиновниктерге эскертүү берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. КР Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрилигинин стат-катчысы Максат Ташполотовго, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Камчыбек Акишевге, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин стат-катчысы Бактыбек Жекшеновго эскертүү берүүнү Өкмөт башчыдан суранды.

Ошондой эле, өкмөттүн отурумунун жүрүшүндө ал Транспорт жана жолдор министрлигинин стат-катчысынын милдетин аткаруучу Эрмек Мамыркалиевдин иш милдеттеринин жоопкерчилигин кароону да өтүндү.

Мындан тышкары, ал айрым жана жогорудагы министрликтер калктын кайрылууларын карабай же кечиктирип жооп берип, алардын ишенимин актабай жатышканын кошумчалады.

Өз кезегинде өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр же парламенттин спикерине түз кайрылган жарандардын 70%ы өз маселелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мэрлердин же министрлердин деңгээлинде эле чечүүгө боло тургандыгын кошумчалады.

«Бирок аларды ар кайсы жакка жөнөтүүнүн натыйжасында, бизге кайрылышууда. Биз – аткаруучу бийликпиз, биздин милдет – мыйзамды аткаруу», - деди С.Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий