• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов Малайзиянын экс-премьер-министри Махатхир Мохамад менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Малайзиянын экс-премьер-министри жана азыркы замандын эң белгилүү саясатчыларынын бири, доктор Махатхир Мохамаддын резиденциясында сылык сапары менен болду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Байсаловдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын делегациясы Малайзияда жумуш сапары менен жүрөт.

Эдиль Байсалов республиканын жетекчилигинин атынан салам жолдоп, бекем ден соолук каалады жана президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында акыркы үч жылда Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктерге токтолду.

Экс-премьер-министр Махатхир Мохамад мамлекеттик башкарууну чыңдоо, башкарууну жакшыртуу жана элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды кубаттады.

Ошондой эле билим берүү тармагындагы реформаларды жакшыртуу, чет элдик инвестицияларды тартуу жана жумуш орундарын түзүү боюнча сунуштары менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий