• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баймурзаев Маммүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Баймурзаев Темирлан Арапбаевич министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, мамлекеттик агенттиктин директорунун буга чейинки орун басары Канат Рыскулов ээлеген кызматынан бошотулду. Ал буга чейин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган.

Пикир

Оставить комментарий