• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда жол кырсыктарын алдын алуу чаралары талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Ош облусунда жол кырсыктарын алдын алуу чаралары талкууланды, деп билдирет президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Б.Ашырбеков, башкы башкармалыктын штабынын начальниги О.Умаров жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Ж.Абитов менен жолугушуп, Ош облусунун аймагында жол- унаа кырсыктарын кыскартуу боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү тууралуу сүйлөшүштү.

Ашырбеков өлкө аймагында катталып жаткан жол- унаа кырсыктарынын келип чыгуу себептери боюнча жасалган талдоо менен тааныштырып, жол унаа кырсыктарынын келип чыгуу себептенине айтып, жол-унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча өзүнүн сунушун айтып, азыркы учурда жарандар арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл экенин билдирди.

Ош облусунун башчы бул багытта ар тараптуу колдо кѳрсѳтүүгѳ даяр экендигин билдирип, биргелешип аракет кылганда гана жол кырсыгын болтурбоого жетише ала тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий