• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакбаев БАЭнын климаттык өзгөрүүлөр жана айлана-чөйрө министри менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Абу-Даби шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) климаттык өзгөрүүлөр жана айлана-чөйрө министри Мариам бинт Мохаммед Саид Хареб Аль-Мхейри менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экология, климат чөйрөсүндөгү, БАЭге азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларын экспорттоону жана импорттоону кеңейтүү, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана айыл чарба тармагына эмираттык инвестицияларды тартуу жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

БУУнун алкагында климаттын глобалдык өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо, анын ичинде жашыл экономика жаатындагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана өз ара аракеттенүү маселеси сүйлөшүүнүн өзүнчө темасы болуп калды.

Мындан тышкары, тараптар жакын арада КРнын компетенттүү органдарынын эксперттеринин деңгээлинде видео-конференцияларды, ошондой эле кыргыз экспортерлору үчүн КРнын айыл чарба продукциясын Бириккен Араб Эмираттарынын рыногуна экспорттоонун шарттары жана талаптары боюнча тренингдерди жана семинарларды өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыгууну жараткан маселелерди чечүү үчүн тыгыз байланышта болуу жөнүндө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий