• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу кар көчкүдөн тазаланып, каттам ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 16-январда саат эртең мененки саат 08:20да Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери №26 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары тарабынан жүргузүлдү.

Эскерте кетсек, 16 январь түнкү саат 03:00 чамасында бул унаа жолго кар көчкү түшүп, унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 3200 м3 түзөт.

Пикир

Оставить комментарий